Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:28
Иран. 2026-жылдын 28-февралы.

АКШ жана Израил Иранга каршы сокку урушту, Тегеран жооп кайтарууда

АКШнын президенти Дональд Трамп 28-февралда Вашингтон Иранга каршы "ири масштабдуу аскердик операция" баштаганын билдирди.

Анын алдында, бир нече саат мурда Израил Иранга "алдын алуучу сокку" урганын жарыялаган.

Ал тапта Израил армиясы (ЦАХАЛ) өлкө аймагында Иран тараптан учурулган ракеталар аныкталганын билдирди.

Эки күн мурда АКШ менен Иран Омандын ортомчулугу менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүшкөн.

20:24

Ирандын Кызыл Чырым коомунун басма сөз катчысы АКШ жана Израилдин соккуларынан 20 провинция жабыркаганын маалымдады.

Можтаба Халеди куткаруучулар Минабдагы мектепке болгон чабуулдан кийин жараат алгандарды ооруканаларга жектирип, урандыларды тазалап жатышканын айтты.

Ал элди сокку урулган жерлерден “100 метр алыс” турууга жана өз коопсуздугу үчүн ал жактарда чогулбоого чакырды.

Анын алдында өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясындагы Минаб шаарында кыздар окуган мектепте 40 өлүм катталып, 48 адам жараат алганын жергиликтүү губернатор билдирген.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу азырынча бул маалыматтын аныктыгын көз карандысыз булактардан ырастай элек.


19:55

Улуттар уюмунун Ирандагы адам укуктарынын абалына байкоо салган атайын баяндамачы Маи Сато АКШ менен Израилдин Иранга сокку урганын сындады. Анын айтымында, чабуул “БУУнун Хартиясын бузуу менен жана Коопсуздук кеңешинин уруксатын албастан жасалды”.

“Биз эл аралык укук качан иштерин каалагандай тандай албайбыз”, - деп жазды дипломат Х социалдык тармагына жана “мыйзамсыз аскердик кийлигишүү өзөктүк курал маселесин же Ирандагы адам укуктарынын абалын чече албайт” деп белгиледи.

Сато кырдаалдын курчушу “адам укуктарына, өзгөчө карапайым адамдарга жана инфраструктурага кандай таасир этип жатканына" көз салып турганын билдирди.

19:26

Франциянын президенти Эммануэл Макрон “Кошмо Штаттар, Израил жана Иран ортосундагы согуш глобалдык тынчтыкка жана коопсуздукка олуттуу кесепет алып келерин” эскертти.

Бул эскалацияны “бардыгы үчүн кооптуу” деп сыпаттаган президент Иран режими “ядролук жана баллистикалык программалары, аймакты дестабилизация кылган аракеттери айланасындагы сүйлөшүүлөргө чың ыкластан катышуудан башка аргасы жок экенин түшүнүүгө тийиш” деп белгиледи.

Макрон Х платформасына жазган постунда “Ирандын эли өз келечегин эркин куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек” деп, европалык жана регионалдык өнөктөштөр менен кеңешип, БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнүн үстүнөн иштеп жатканын кошумчалады.

Француз лидери өлкө аймагынын, жарандарынын коопсуздугун жана Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыктардын коопсуздугун камсыздоо үчүн колдо бар аракет көрүлөрүн белгиледи.

18:56

АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылган омандык башкы дипломат өкүнүүсүн билдирди

Бадр ал-Бусаиди
Бадр ал-Бусаиди

Омандын тышкы иштер министри, Иран менен АКШнын ортосундагы соңку сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып келаткан дипломат Бадр ал-Бусаиди согуштук аракет башталганына байланыштуу өкүнүүсүн билдирди. Бул тууралуу учурда АКШда иш сапарда жүргөн министр Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

"Кооптонуп жатам. Активдүү жана олуттуу жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр кайрадан бузулду. Бул АКШнын кызыкчылыктарына да, глобалдык тынчтык аракетине да туура келбейт", - деди ал.

Вашингтон менен Тегерандын өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылган омандык жогорку кызматтагы башкы дипломат "олуттуу прогресс" болгонун белгиледи. 24 саатка жетпеген убакыт мурун ал журналисттерге "тынчтыкка жетүү мүмкүн" деп айткан.


Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG