Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:28

Bloomberg: Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрдөн чыгуу жолдорун караштырып жатат

Жыл башталгандан бери үч өлкөнүн өкүлдөрү үч ирет жолукту.
Жыл башталгандан бери үч өлкөнүн өкүлдөрү үч ирет жолукту.

Орусия АКШ жана Украинанын өкүлдөрү катышкан тынчтык сүйлөшүүлөрдөн чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатат. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнөн кабары бар, аты-жөнү айтылышын каалабаган булактарына таянып жазды.

Ага ылайык, Орусиянын расмий өкүлдөрү Киев Донецк облусунан аскерлерин алып кетүүдөн баш тарткан шартта АКШнын ортомчулугу менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдү андан ары улантуунун кажети жок деп эсептеп жатат. Бул расмий Москванын негизги талабы экени айтылып келет.

Bloomberg басылмасынын булактары берген маалыматка ылайык, Орусия Сумы, Харьков жана Днепропетровск облустарынын оккупацияланган аймактарынан аскерлерин чыгарып кетүүгө даяр. Ошондой эле Херсон жана Запорожье облустарындагы өзү көзөмөлдөгөн аймактарды дагы чоңойтууга аракет кылбайт. Учурда Орусия башкарып жаткан Запорожье атомдук электр станциясынын келечеги тууралуу маселеде орток пикир табыла элек.

Аталган агенттикке маалымат берген булактарга ылайык, сүйлөшүүлөрдүн келерки айлампасы болжол менен 4-5-март күндөрү өтөт жана мындай жолугушуулар андан ары уланабы же жокпу, ошондо белгилүү болот.

Москва бул маалыматтарга азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский үч тараптуу кезектеги сүйлөшүүлөр март айынын башында Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) борбору Абу-Дабиде өтүшү мүмкүн экенин билдирген. Ал бул тууралуу 26-февралда Женевада украин жана америкалык делегациялардын ортосундагы консультациялар боюнча комментарий берип жатып маалымдаган.

Анын алдында АКШ президенти Дональд Трамп Зеленский менен сүйлөшүүсүндө Украинадагы согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтоткусу келерин билдиргени кабарланган.

Жыл башталгандан бери үч өлкөнүн өкүлдөрү үч жолу, эки ирет Абу-Дабиде жана үчүнчү жолу Женевада жолукту.

АКШнын ортомчулугу менен өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү негизги темалардын бири аймактык маселе бойдон калууда. Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин Донбасс Орусиянын “тарыхый аймагы” экенин айтып, аны аскердик же башка жолдор менен кайтарып ала турганын билдирген. Киев болсо украин аскерлеринин Донбасстан чыгып кетишин кабыл алынгыс деп эсептейт.

Украин бийлиги ошондой эле коопсуздук кепилдиктерин, анын ичинде союздаш өлкөлөрдүн аскерлерин Украинага жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн талап кылууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG