Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:32

MUHAMET MALO-2026: Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова күмүш алды

Айпери Медет кызы.
Айпери Медет кызы.

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Албаниянын Тирана шаарындагы MUHAMET MALO-2026 эл аралык рейтингдик мелдешинде жеңүүчү болуп, алтын медал тагынды.

Ал 28-февралда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта финалда дүйнөнүн учурдагы чемпиону, эквадорлук Генесис Реаско Валдезди менен күрөшүп, аны 5:4 эсебинде жеңип алды. Медет кызы финалга чейин үч атаандашын ири эсеп менен уткан. Алгач 1/8 финалда казакстандык атаандашы Гүлмарал Еркебаеваны 12:2, чейрек финалда болгариялык Ванеса Георгиеваны 10:0, жарым финалда түркиялык балбан кыз Элмира Ясинди 14:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыккан.

Былтыр Айпери Медет кызы менен Генесис Реаско Валдезди дүйнө чемпионатынын финалында да беттешкен, анда эквадорлук атаандашы жеңген.

26 жаштагы Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын эки жолку күмүш (2023-ж., 2025-ж.) жана бир жолку коло байгелеринин ээси (2021-ж.). Азия оюндарынын алтын (2023-ж.) жана коло (2018-ж.) байгелерин уткан. Азиянын үч жолку чемпиону (2022-ж., 2024-ж., 2025-ж.). Ошондой эле Азия чемпионатында үч жолу күмүш байге алган (2020-ж., 2021-ж., 2023-ж.). Жайкы Олимп оюндарында эки жолу 5-орунду ээлеген. Жаштар, 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону жана бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон.

Бул мелдеште кыргызстандык балбан кыздар Мээрим Жуманазарова (68 кг) менен Нурзат Нуртаева (72 кг) күмүш, ал эми Гүлнур Таштанбекова (65 кг) коло медал алды.

Буга чейин бул мелдеште эркин күрөштөн кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев (70 кг) дагы финалда АКШ балданы Алек Уиллиам Пантелеону (3:2) жеңип, алтын медал алган. Ал эми Орозобек Токтомамбетовго (74 кг) күмүш, Залкарбек Табалдиевге (70 кг) коло медал тийген. MUHAMET MALO-2026 эл аралык рейтингдик мелдеши бүгүн, 1-мартта грек-рим күрөшү боюнча таймаштар менен жыйынтыкталат.

Шерине

XS
SM
MD
LG