Ирандын Жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөндөн кийин өлкөнү президент Масуд Пезешкиан, сот бийлигинин башчысы жана Конституцияны коргоо кеңешинин бир мүчөсү убактылуу башкарат. Бул тууралуу IRNA маалымат агенттиги биринчи вице-президент Мухаммад Мохбериге шилтеме кылып жазды.
Мунун алдында IRNA АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясы маалында Али Хаменеинин кеңешчиси, Коргонуу кеңешинин катчысы Али Шамхани, ошондой эле Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кол башчысы Мухаммад Пакпур дагы жан таслим болгонун билдирген.
Ирандык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары ишемби күнкү израил-америка операциясы маалында Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн 1-мартта таңга маал бышыкташкан.
Мындан көп өтпөй Ислам революциясынын сакчылар корпусу жакынкы убакта Израилге жана аймактагы АКШнын аскердик базаларына каршы “эң кубаттуу операция” башталарын билдирген.
Израил менен АКШ биргелешип Иранга аба соккуларын 28-февралда жасаган. Тегеран жооп кайтарып, АКШнын аскердик техника, кеме-учактары жайгашкан Бириккен Араб Эмирликтерин, Катар, Кувейт, Израил жана башка мамлекеттерди бутага алган.
Шерине