Жаз майрамын - Аялдардын Эл аралык күнүн утурлай Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 4 миллион даан гүл импорттолду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдап, февралдын башынан бери алып келинген гүлдүн саны январдагы көрсөткүчкө караганда 31% көп болгонун белгиледи.
Маалыматка ылайык, эң көп ташылган гүл - роза. 1-февралдан бери өлкөгө 3,56 млн даана роза алып келинген. Андан кийинки орундарда орхидея, хризантема, лилия жана гвоздика гүлдөрү турат.
Гүлдөрдүн басымдуу бөлүгү учактар менен ташылат. Негизинен Кения, Эквадор, Нидерланд, Колумбия жана Кытайдан импорттолот.
Кыргызстанда 8-март Аялдардын эл аралык күнү катары белгиленет. Календарда кызыл менен жазылып, эс алуу күнү болот.(ZKo)
Шерине