Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев социалдык тармактарда "мандатын тапшыра турган депутаттардын тизмеси" деген маалымат тарап жатканын билдирип, аны төгүндөдү. Бул тууралуу ал парламенттин 4-марттагы жыйынында айтып, бардык аракеттер мыйзам чегинде гана болушу керектигин белгиледи.
Мындан тышкары Маматалиев басылмалардын бирине курган маегинде депутаттардын маянасы тууралуу айтканы туура эмес кабыл алынып жатканын билдирип, тактоо киргизди.
“Колумда турган документтерге таянып ачык айта турган болсом, депутаттардын маянасы 58 миң 432 сом. Андан сырткары, депутаттын фонду үчүн 80 миң сом берилет. Бирок ошол фонд унааларды оңдоого, күйүүчү майына, айдоочунун айлык акысына жумшалып, ал тургай жарандардан келген кайрылууларга ылайык да сарпталат. Ошондой эле биз аймактарга барабыз. Азыр самолеттун эле жол киреси 10 миң сомдой болууда. Натыйжада 80 миң сом да жетпей калган учурлар кездешет”, - деди Маматалиев.
10-февралда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагалыгынан алынган. Андан берки убакта бир нече министр, жергиликтүү бийлик башчылары орун басарлары менен чогуу кызматынан алынышты, айрымдары камалды. УКМКнын бир нече кызматкери коррупцияга шектелип камалды.
Ташиевдин кызматтан алынышынан кийин Жогорку Кеңеште да бир топ өзгөрүүлөр болуп, Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна Марлен Маматалиев спикер болуп шайланды. Кийин Тургунбек уулу баштаган бир нече депутат мандатынан баш тартышты. Айрым депутаттык топтордун жана тармактык комитеттердин төрагалары да алмашты.
Жогорку Кеңештин азыркы VIII чакырылышында 30 шайлоо округунан келген 90 депутат бар.
Шерине