БУУнун Эл аралык комиссиясы Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдарды депортациялоону, мыйзамсыз көчүрүүнү жана күчтөп белгисиз жакка алып кетүүнү "адамзатка каршы кылмыш" деп атады. Ошол балдарды мекенине кайтарууну кечеңдетүү согуш кылмышы деп таанылды. Бул тууралуу "Настоящее время" телеканалына Орусиянын Украинага каршы согушу учурундагы мыйзам бузууларды иликтеген БУУнун көз карандысыз Эл аралык комиссиясынан билдиришти. Комиссия былтыркы жылдын иликтөөсүнүн жыйынтыгы камтылган жаңы отчетун жарыялады.
Украин бийлигинин расмий маалыматына караганда, Орусия 2022-жылы кол салгандан бери украиналык 20 миң жеткинчекти, анын ичинде жетимдерди жана балдар үйүндө жашагандарды депортациялаган же көчүрүп кеткен. Ошондон бери 2 миңдейин кайтарууга жетишилди.
Отчетто айтылгандай, Орусия ошол наристелердин кайда жүргөнү тууралуу маалыматты атайылап ачыкка чыгарбай, аларды асыроого, балдар үйлөрүнө берип коюшат. Кээде Украинада жакындары болсо да, орусиялык үй-бүлөлөр багып алышат. Комиссия муну адамзатка каршы кылмышка теңейт.
Украинанын жана ортомчулардын аракеттерине карабай, репатриация жараяны жылдарга созулуп кетүүдө. Эл аралык комиссия аны согуш кылмышы деп сыпаттайт.
Орусиянын бийлиги депортация тууралуу дооматтарды четке кагып, балдарды согуш жүрүп жаткан тилкеден коопсуз жерлерге чыгарганын айтууда. Комиссия уруш маалындагы эвакуация убактылуу болууга, балдар мүмкүн болушунча тезирээк мекенине кайтарылууга тийиш деп белгилейт.
Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдар Орусияга мыйзамсыз депортацияланганы үчүн 2023-жылы мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту орус президенти Владимир Путин жана балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берген.
Шерине