Ирандын Башкы прокуратурасы аялдардын улуттук футбол курамасын өлкөгө кайтууга жана “үй-бүлөлөрүнүн маселесине көңүл буруудан” тышкары “душмандардын кутумуна туруштук берүүдө алдыңкы катарда болууга” чакырды.
10-марттагы билдирүүдө прокуратура кеминде беш спортчу Австралияда башкалкалаганын айтпаганы менен “команданын айрым мүчөлөрү атайылап эмес, душмандын кутумчулугу жана арамзалыгынан улам АКШ менен Израилдин жетекчилерин ойго келбегендей толкунданткан жүрүм-турумга барганы” белгиленет.
Дүйшөмбүдө АКШнын президенти Дональд Трамп Австралия Ирандын футбол боюнча аялдар командасына үйүнө кайтууга жол берип, “чоң гуманитардык ката кетиргенин” билдирген жана спортчуларга башпаанек берүүгө чакырган.
Көп узабай бешөөнө “жардам берилгенин” Truth Social социалдык тармагына жазды.
Азия кубогунун мелдешине катышкан спортчулар алгачкы матчта улуттук гимнди аткарбай койгондо Ирандын мамлекеттик телеканалынын алып баруучусу кыздарды “согуш учурундагы чыккынчылар” деп атаганы алардын тагдырына тынчсыздануу жараткан.
Шейшембиде Австралиянын ички иштер министри Тони Берк Ирандын футбол боюнча кыз-келиндер командасынын беш мүчөсүнө гуманитардык виза берилгенин жана алардын өлкөдө калуусуна шарт түзүлгөнүн билдирди.
Шерине