Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Транспорт министрлиги ашуулар ачык, кыймылга чектөө жок экенин билдирди

Долон ашуусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Долон ашуусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 12-мартта өлкө аймагындагы бардык жолдордо абал туруктуу, автоунаанын бардык түрү үчүн чектɵɵ жок. Каттам бар, ашууларда жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады.

Министрликке караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тоолуу жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы кум-шагыл чачуу жана кар күрткүлөрүн тазалоо иштерин күнү-түнү жүргүзүп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 12-15-март күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү жүрүү коркунучу сакталарын эскертүүдө. Унаалар ортосундагы аралыкты 500 метрден кемитпей сактоо сунушталган.

10-11-марттагы жаан-чачындан улам Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашууларынан өтүүгө жүк ташуучу унаага чектөө киргизилген.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG