Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:13

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

24-мартта түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунун батыш тарабында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 15…17° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG