Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:14

Орусиянын Ленинград облусу дрон чабуулуна кабылды, кара май сактоочу кампаларда өрт тутанды

Украин армиясынын Ленинград облусундагы портко жасаган чабуулунун кесепети. 23-март, 2026-жыл.
Украин армиясынын Ленинград облусундагы портко жасаган чабуулунун кесепети. 23-март, 2026-жыл.

23-мартка караган түнү Ленинград облусунда жайгашкан Приморск порту жапырт дрон чабуулуна кабылды. Күйүүчү май сактаган резервуарларда өрт тутанды. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Приморск аркылуу мунай экспорттоо убактылуу токтотулду.

Аймак губернатору Александр Дрозденко чабуулду Украинадан көрүп, дрон соккусунун жыйынтыгында резервуар жабыркаганын, өрттү өчүрүү жүрүп жатканын жана кызматкерлер эвакуацияланганын билдирген.

"Эркин Европа/ Азаттык" радиосу спутниктен алынган сүрөттөрдү талдап, портто кеминде төрт күйүүчү май сактоочу кампа зыянга учураганын байкады.

Дрозденко кошумчалагандай, бир суткадан аз убакыт ичинде Ленинград облусунун аймагында 60тан ашык дрон жок кылынган.

«Агентство» басылмасы жазгандай, бул толук масштабдуу согуш башталгандан бери аймакка жасалган эң ири аба чабуул болду.

2025-жылдын июль айында бул аймакка 51 дрон чабуул койгон.

Пулково аэропортунда учак каттамдары бир нече жолу чектелди. 23-марттын таңында аэропорт 15 сааттык чектөөдөн кийин ишин кайра жандандырды.

Приморск порту - Орусиядагы эң ири мунай жүктөөчү порттордун бири. Ал аркылуу суткасына болжол менен 1 миллион баррель мунай жана 300 миң баррель дизель өткөрүлөт. Порттун аймагында эки ири мунай базасы да жайгашкан.

Украинанын Коопсуздук кызматы украин күчтөрү Приморскко сокку урганын ырастады.

Шерине

XS
SM
MD
LG