23-мартка караган түнү Нью-Йоркто жайгашкан Ла Гуардиа аэропортунда Air Canada авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы аба майдандын аймагында өрт өчүрүүчү машине менен сүзүштү.
Маалыматка караганда, лайнердин эки учкучу тең алган жарааттарынан өзүнө келе албай набыт болушту. Буга чейин алардын оор жаракат алганы айтылган. Ошондой эле машинедеги эки адам жабыркаган. Кагылышуу учуу-конуу тилкесинде болгон.
Монреалдан келген CRJ 900 учагы конгондон кийин өрт өчүрүүчү унаа менен сүзүшкөн. Өрт өчүрүүчү автоунаа башка учактын экипажы салондо күйүктүн жыты чыкканда учууну токтоткондон кийин чакырылган. CBS маалымдагандай, диспетчерлер акыркы учурда өрт өчүрүүчү унааны токтотууга аракет кылышканы менен жетишпей калган.
Канадалык авиакомпаниянын учагы олуттуу зыянга учурады. Алдын ала маалыматтар боюнча бортто 72 жүргүнчү жана 4 экипаж мүчөсү болгон. Жүргүнчүлөр аман-эсен экени кабарланды.
Ла Гуардиа аэропорту Нью-Йорк шаарындагы жүргүнчү агымы боюнча экинчи ири аэропорт. Учурда ал убактылуу жабылып, окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат.
АКШдагы көптөгөн аэропорттордун ишинде учурда кыйынчылыктар жана үзгүлтүктөр байкалууда. Буга жарым-жартылай «шатдаун» да себеп болууда.
АКШ Конгресси Ички коопсуздук министрлигин каржылоого каражат бөлө элек. Бул абал, анын ичинде транспорт коопсуздугу боюнча кызматкердин айлык маянасына да таасирин тийгизип жатат.
Шерине