Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Акимбаева: Орусияда мигрант балдардын тесттен өтүүсүн жеңилдетүүнү сурандык

Гүлнара Акимбаева.
Гүлнара Акимбаева.

Жогорку Кеңештин Орусияда иш сапарда жүргөн депутаттары мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуудагы тестти жеңилдетүүнү орус тараптан суранышты. Бул тууралуу эл өкүлү Гүлнара Акимбаева "Азаттыкка" билдирди.

"Биз мигранттын балдары тапшырган тесттин шарттары менен таанышып, кандай тартипте бериле турганын көрдүк. Депутаттардын бири 8-класска ылайык тестти тапшырып көрдү. Аларга жеңил болгон менен биздин балдар аны түшүнбөй калышы мүмкүн. Төрт тапшырма берилет экен, ага 1 балл коюлат же жооп бере албайт деген баа коюлат экен. Бардык класска ылайык тесттер бар экен, видеосу жазылат. Бирок төрага баш болуп аны жеңилдетүүнү сурандык. Негизги сүйлөшүүлөр 26-мартта болот, ушул маселелер дагы көтөрүлөт", - деди Акимбаева.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баш балгон парламенттик делегация Орусияга иш сапары менен 25-мартта барды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, делегация Москва шаарында жайгашкан В.Ф. Орлов атындагы "Марьина Роща" мектебинде болду. Алар эмгек мигранттарынын балдарын жалпы билим берүү класстарына кабыл алуу үчүн өткөрүлүүчү тестирлөөнүн тартиби тууралуу маалымат алышты.

Сапар алкагында төрага Маматалиев Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.

Орусия акыркы жылдары миграциялык мыйзамдарын катаалдатып келет, анын ичинде мигранттардын балдары орус тилинен сынак тапшырмайын мектепке кабыл алууга тыюу салынган, ал эми алардын ата-энелери Орусияда жүрүү абалын мыйзамдаштырууга милдеттендирилген. Натыйжада былтыр сентябрда мигранттардын балдарынын 87,5% мектепке кире алышкан эмес.

Орусияда эмгектенген кыргызстандыктардын айрымдары балдарын мектепке киргизе албай, кайтып келгенге аргасыз болгонун буга чейин айтып беришкен. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG