Мурдагы чекист Даниэл Рысалиев кармалганы кабарланды
УКМКнын мурдагы төрага орун басары Даниэл Рысалиев кармалганы кабарланды. Ал ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка чакырылып, камакка алынган. УКМКнын дагы эки кызматкери кармалганы белгилүү болду. Рысалиев февралда мурдагы төрага Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин жумуштан кеткен эле. Кыргызстанда акыркы айларда УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков менен байланышы бар делген бир нече киши камакка алынды. Арасында атайын кызматтын дагы өкүлдөрү бар.
Шерине