Орус аскерлеринин Днепр шаарына урган соккусунан кеминде беш киши ажал тапты, 25и жарадар болду. Днепропетровск облусунун администрация башчысы Александр Ганжанын айтымында, 10 киши оор абалда ооруканага жеткирилди.
Дүрмөт кайсы жайга тийгени азырынча маалымдала элек. Жарыяланган сүрөттөрдөн соккуга кафе менен азык-түлүк дүкөнү учураганы көрүнүп турат. Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү Днепр шаары чабуулга туш болушу мүмкүн деп буга чейин эскерткен. Сокку ракета же дрон менен урулганы белгисиз.
Буга чейин орус аскерлерли Херсондогу оорукананы аткылаганда беш киши, көбү медициналык кызматкерлер жабыркаган.
Черниговдо ушул эле күнү учкучсуз учактар административдик имаратка чабуул койгондо эки киши жарадар болду. Бутага Кривой Рог шаары да алынды.
Бардыгы болуп акыркы 24 саатта Украинада 20дан ашуун киши жаракат алган.
"Укрэнерго" маалымдагандай, Днепропетровск, Запорожье, Харьков, Одесса, Николаев жана Херсон облустарында жапырт аткылоодон кардарлар электр энергиясыз калды.
Орусия күн сайын кошуна өлкөсүн жүздөгөн учкучсуз учак менен аткылап, Украина жооп иретинде Орусиянын ичкери аймагын көбүрөөк бутага ала баштады.
Шерине