16-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, айрым жерлеринде жаан катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
16-17-апрелдерде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөр жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 16…18° жылуу болот.
Дагы караңыз
Шерине