29-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ыссык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 24…26° болот.
Шерине