Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

"Тогуз күн тамаксыз отурушкан". Ачкасынан алдан тайган украин аскерлери

14-бригаданын жоокерлери, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырский. Коллаж сүрөт.
14-бригаданын жоокерлери, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырский. Коллаж сүрөт.

Бир нече айдан бери украин аскерлери Харьков облусундагы Купянск шаарын орус армиясынан кайтарып алып, колдон чыгарбоо аракетин көрүп келишет. Оскол дарыясы экиге бөлүп турган бул калаа маанилүү темир жолдун боюнда жайгашкан.

Орус аскерлери өткөн күздө жер алдындагы эски түтүктү колдонуп, дарыянын астынан жашыруун өтүп, күтүүсүз чабуул жасагандан кийин да украин армиясынын 14-бригадасынын жоокерлери өз турумдарын алдыртып жибербей, сактап калышкан.

Бирок бул салгылаш 14-бригада үчүн оор жоготуулар менен коштолду.

Өткөн жумада бригаданын айрым жоокерлеринин туугандары коомчулукка чыгып, нааразычылыгын ачык билдиришти. Алар аскерлерге жетиштүү тамак-аш менен суунун жоктугун айтып беришти.

Ольга аттуу аял күйөөсү жана 14-бригаданын башка мүчөлөрү бир нече күн бою тамак-ашсыз жана суусуз калганын айтты.

«Ал мага "мен тирүүмүн, бирок биз ачкабыз" деп жазды. Ошол учурда алар тогуз күндөн бери тамак жей элек болчу», — деди Ольга «Азаттык» радиосунун украин кызматына.

Анын сөзүн башка дагы жараат алып, ооруканада жаткан аскердин жубайы Анастасия да ырастады.

Бул сүрөттөр жана туугандардын нааразычылыгы ансыз да төрт жылдан ашуун созулган толук масштабдуу согуштан чарчап, деми түшүп бараткан украин коомчулугунда катуу резонанс жаратты.

Ошондой эле бул маселе Орусиянын түмөндөгөн жоокерлерине каршы туруу үчүн жаңы жоокерлерди үзгүлтүксүз тартууда кыйналып жаткан украин аскер жетекчилигинин көңүлүн бурду.

24-апрелде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский 14-бригаданын командирин кызматтан алуу тууралуу буйрук чыгарды.

Башкы штаб билдиргендей, бригаданын командирлери «жоокерлерди камсыз кылуудагы кемчиликтерди жана айрым позициялардын жоготулушун кошо алганда, чыныгы абалды жашырып келишкен».

Кадр маселеси

2022-жылдын февралында согуш башталгандан бери украин эли өзүнүн кайраттуулугуна, чечкиндүүлүгүнө жана Батыштан келген курал-жаракка таянып, Орусия менен дээрлик тең ата согушуп жатат.

Мындан тышкары Украинанын дрон согушундагы жаңычыл ыкмалары да күчтөрдүн тең салмактуулугун камсыз кылууга жардам берди.

Бирок фронтко жетиштүү сандагы жоокерлерди тартуу дагы эле чоң көйгөй бойдон калууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана депутаттар өлкөнүн мобилизация жана аскерге чакыруу мыйзамдарын олуттуу реформалоо боюнча макулдашууга жетишүү үчүн эки жылдай убакыт коротушту.

Ага карабастан жоокерлерди армияга тартуу бир калыпта жүрбөй жатат.

Айрым командирлер жетиштүү деңгээлде даярдалган жоокерлер жетишпей жатканын байма-бай айтышат. Кээ бир бөлүктөр өз алдынча жарнамалык кампания жүргүзүп келишет. Ал эми аскерден качуу көрүнүшү кеңири тараган.

Жергиликтүү деңгээлде бөлүштүрүлгөн аскерге чакыруу борборлорунун системасы коррупция жана паракорчулук боюнча айыптоолорду да жаратты.

Өзгөчө көп талкууну Батышта атайын даярдыктан өтүп, жакшы жабдылган 155-бригада жаратты. Андагы аскерлердин көбү качып кетишкен. Мындан улам бригада жетекчилери коомдун катуу сынына кабылган. Бул бригаданын командири фронтко жөнөтүлөрүнө бир нече күн калганда кызматтан алынган.

Купянскка жакын жайгашкан 14-бригада боюнча айтсак, жоокерлердин туугандары «Азаттык» радиосуна жана башка украин медиаларына билдиргендей, аскерлер жети айдан бери тамак-аш жетпей кыйналып келишкен.

Өткөн жумада «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө дагы бир жоокердин жубайы Анастасия Сильчук жоокерлердин бир нече сүрөтүн кайра бөлүшүп, алардын сөздөрүн келтирген.

«Жети айдан бери тамак-аш, суу жана күйүүчү май дайыма кечигип жатат. Биз көп учурда эс-учубуздан танып калабыз жана турумдарды коргоого алыбыз калбай калат».

«Бул тууралуу жогорку жетекчилик билиши керек эле»

Командирлер жана аскер жетекчилери камсыздоо тартыштыгын четке каккан жок, бирок аны жарым-жартылай Оскол дарыясынан өтүп жеткирүү кыйынчылыгы менен түшүндүрүштү.

Алардын айтымында, чектелген көлөмдөгү тамак-аш дрон менен жеткирилип жаткан. Бул фронт тилкесинде барган сайын кеңири колдонулган ыкмага айланууда.

«Азыр логистика жагынан абал турукташты, бирок дагы деле өтө татаал бойдон калууда», — деди бригаданын өкүлү Надежда Замрига «Азаттык» радиосуна.

Украин армиясын көзөмөлдөгөн коомдук өкүл Ольга Решетилованын айтымында, бул логистикалык көйгөй 14-бригадага гана тиешелүү эмес.

Ольга Решетилова
Ольга Решетилова

Ал фронттон жоокерлерди убагында алмаштыруу жана чарчаган бөлүктөрдү артка чыгаруу маселеси кеңири жайылганын белгиледи.

«Маселе бул конкреттүү бөлүктө эле эмес, негизги көйгөй жоокерлерди артка кайтаруу же чыгарып кетүү боюнча чечимдерди өз убагында кабыл алууда», -деди ал.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын мурдагы орун басары, отставкадагы Игорь Романенко Купянск аймагындагы камсыздоо жолдору дарыядан улам чындап эле татаал экенин айтты.

Игорь Романенко
Игорь Романенко

«Чынында, бул тууралуу жогорку жетекчилик алдын ала билиши керек эле. Жетекчилик абалды көзөмөлдөп турууга милдеттүү, мүмкүн болушунча жерине барып турушуу керек. Алардын орун басарлары жана башка кызматкерлери да кырдаалды объективдүү түшүнүшү зарыл», — деди ал «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна.

Отставкадагы полковник жана 53-мото жөө аскер бригадасынын мурдагы командири Анатолий Козелдин пикиринде, офицерлер жогорку жетекчилерине көп учурда туура эмес маалымат берип келерин айтты. Анын белгилешинче, бул логистикадагы көйгөйлөргө гана эмес, жердеги чыныгы кырдаалга же, мисалы, коргонуу позицияларынын абалына да тиешелүү.

«Фронтто чыныгы тактикалык абалга дал келбеген позициялар бар. Көптөн бери толук даярдалбаган позициялар бар, байланыш жок жерлер бар… ал эми бригаданын командири муну жөн эле билдирүүдөн коркот», — деди ал «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматы даярдаган макаланы кыргызчага Элиза Кененбаева которду.

Шерине

XS
SM
MD
LG