Андан бери өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында Өзбекстандан келген адамдарга каршы рейддер жүрүүдө. Бул окуялар Сирия бийлигинин Башар Асад кеткенден бери чет элдик жоочуларды куралсыздандыруу аракети тоскоолдуктарга кабылганын эле көрсөтпөстөн, бөтөн жерде согушкан Борбор Азиянын тургундарын мындан ары эмне күтүп турат деген суроо жаратты.
6-майга караган түнү Идлибдеги Кафрия жана аль-Фуа райондорунда электр жарыгы өчүп, уюлдук байланыш үзгүлтүккө учураган. Көчөлөргө сириялык күч түзүмдөрүнүн автоунаалары кирген.
Өзүн этникалык өзбек деп тааныштырган күбөнүн айтымында, операциянын жүрүшүндө анын 18 жердеши кармалган.
"Сириялык күч түзүмүнүн өкүлдөрү Идлибге куралдуу отряд менен келип, өзбектердин үйүнө кирди. Айрымдарын кармаганда уруп-сабашты. Эки күн катары менен жарыкты өчүрүшүп, рейд жүргүзүштү. Эмнеге бул рейддерди жүргүзүп, эмнеге өзбектерди камакка алганын түшүндүрүшкөн жок", - деди "Озодлик" менен маегинде окуянын күбөсү.
Рейтер агенттиги расмий булактарга таянып билдиргендей, Идлибдеги операция өзбек жоочуларынын нааразылык акциясына куйрук улаш өткөн. Жоочулар өкмөттүк коопсуздук күчтөрүн аткылоого айыпталган жердешин бошотуу талабы менен чыгышкан. Башаламандык мамлекеттик мекемелердин алдында кагылышуу менен бүткөн.
Өзбек жоочулары эмнеге нааразы?
Идлибдеги өзбектин айтымында, анын Сириядагы мекендештери учурдагы өлкө лидери Ахмед аш-Шараанын саясатына нааразы. Алардын басымдуусу президент 2024-жылы Башар Асаддын режиминин кулашына алып келген Дамаска ири чабуулда жанаша жүргөн өзбектерди сатып кетти деп эсептешет. Жоочулар арасында аш-Шараа мамлекеттик бийик постту ээлегенден кийин өзбектерге начар мамиле кылууда деген да көз караш бар.
"2026-жылы айрым өзбек жоочулары ак жерден камалган жана төрт-беш ай бою бул тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес. Азыркыга чейин түрмөдө негизсиз кармалган өзбектер бар. Бул адамдар эмне себептен камалганына эч кандай түшүндүрмө берилген эмес. Ошондуктан өзбек жоочулары Идлиб шаарында бир нече жолу нааразылык акцияларын өткөрүштү, анын экөө Маарет-Мисрин шаарындагы коопсуздук башкармалыгынын алдында болду. Ооба, алардын колунда курал бар эле, бирок эч бири ок аткан эмес. Сирияда курал алып жүрүү баштык көтөрүп жүргөндөй эле кадыресе көрүнүш, азыр гана акырындап тыюу салынып жатат. Көчөдө Калашников автоматы же жөнөкөй тапанча менен эле басып жүрүшчү. Курал Идлибдеги дүкөндөрдө ачык сатылчу. Тапанчалардын баасы 150, ал эми Калашников автоматтары 200 доллардан башталат. Курал азыр деле ээн-эркин сатылууда", - дейт маектеш.
Сириядагы өзбек тектүү жоочулардын так саны белгисиз. Рейтер агенттиги сириялык коопсуздук күчтөрүндөгү булакка таянып, өткөн жылы алардын саны болжол менен 1,5 миңге жеткенин жазат. Ал эми Идлибдеги жоочунун айтымында, Сирияда 4–5 миңдей өзбек болушу мүмкүн. Алардын көбү үй-бүлөсү менен жашайт.
Америкалык саясат таануучу жана Борбор Азиядагы диний экстремизм, саясий зомбулук жана ислам маселелери боюнча алдыңкы эксперт Ноа Такер өзбек тектүү согушкерлерге каршы рейддерди акыркы бир жарым жылдан бери уланып жаткан процесстин бир бөлүгү катары эсептейт. Анын айтымында, бул процесс "Хайят Тахрир аш-Шам" (ХТШ, "Левантаны боштондукка чыгаруу уюму") коалициясы Ахмед аш-Шараа Сириянын башына келгенден бери жүрүүдө.
"Бул коалицияга ар кандай топтордо согушкан көптөгөн өзбектер кошулган. Айрыкча сөз "Таухид валь-Жихад" же "Катиба Таухид валь-Жихад" деп аталган топ тууралуу болуп жатат. Бул уюм жана анын расмий лидерлери идеологиялык жактан "Ал-Каида" тобунан кол үзгөн эмес. "Таухид валь-Жихад" топтун идеяларын колдоп, аларды жайылтып келген. Өзбектер арасында жаңы өкмөткө интеграция болууда же анда өз ордун табууда олуттуу кыйынчылыкка дуушар болгондор бар. Майда кагылышууларга катышып жаткандар жана азыркы өкмөт менен мурдагы бригадаларынын командирлеринин буйруктарына баш ийбей жаткандар да кездешет", - дейт эксперт.
"Согуштан кийин жашоодо өз ордун табуу оңой эмес"
Сириянын жаңы өкмөтү 2011-жылдан кийин тутанган жарандык согушта Башар Асадга каршы күчтөргө кошулган чет элдик жоочуларды көзөмөлгө алууга аракет кылууда. Алардын көбү көп жыл бою Ахмед аш-Шараа менен катарлаш жүргөн. Аш-Шараанын өзү да 2016-жылга чейин "Аль-Каида" менен тыгыз байланышта болуп, кийин алар менен мамилесин үзгөнүн жарыялап, "Хайят Тахрир аш-Шам" уюмун түзгөн.
Акыркы айларда аш-Шараа карманган секулярдуу саясат радикалдуу күчтөргө жакпай жатат. Былтыр Сирия өкмөтү Ахмед аш-Шараанын жетекчилиги алдында АКШ менен дипломатиялык жана экономикалык байланыштарды түздү. Ноябрда Дамаск Вашингтон менен терроризмге каршы биргелешип күрөшүү макулдашуусуна жетишип, "Ислам мамлекетти" тобуна каршы эл аралык коалицияга кошулган.
"ХТШнын айрым жоочулары халифат курууга жардам берип жатканына чындап ишенишкен деп айтууга толук негиз бар. Бирок азыр алардын айрымдары Ахмед аш-Шараа Ак үйгө барып келгени, бир убакта галстук тагынып жүргөнү, атын өзгөрткөнү жана көп улуттуу, көп конфессиялуу өлкөнү башкарууга ниеттенгенин билдиргени үчүн нааразы. Башкалары согуштан кийинки тынч жашоого көнө албай кыйналышууда, анткени өмүрүнүн көп жылын чыр-чатак менен өткөрүшкөн. Согуштан кийин тынч жашоодо ордун табуу аларга оңой эмес. Ошондуктан мындай учурлар болору кандайдыр бир деңгээлде күтүлгөн. Бирок бул кеңири масштабдагы процесс эмес. Башкача айтканда, сөз ХТШнын курамында согушкан өзбек тектүү жоочулардын көпчүлүгү тууралуу болуп жаткан жок. Бирок жаңы өкмөткө интеграция боло албай кыйналып жаткандары бар", - дейт Ноа Такер.
Сирия өкмөтү көптөгөн чет элдик жоочулардын макамын расмийлештирүүгө аракет кылууда. Алардын миңдегени жаңы сириялык армиянын курамына кошулду. Айрым чет элдиктер өкмөттө жогорку кызматтарды ээлеп турушат.
Мисалы, мурдагы иорданиялык жоочуга президентти кайтаруу милдети жүктөлүп, Республикалык гвардиянын командачысы болуп дайындалган. Австралиядан келген дагы бир жоочу 2025-жылы өлкөнүн экономикасын куткаруу максатында түзүлгөн Сириянын Суверендүү фондун жетектеп жатат.
Тажикстандан барган 42 жаштагы өзбек тектүү Сайфиддин Тажибаев Сириянын жаңы өкмөтүнүн Коргоо министрлигине караштуу күчтөрдүн курамына да кирген. Идлибдеги маектештин айтымында, ал мурдагы өзбек тектүү жоочуларды бириктирген топтун командири. Бирок бардык эле өзбектер бул түзүмгө кирген эмес.
"Сайфиддин Тажибаев аброю жана чин үчүн айланасына өзүнө берилген адамдарды чогулткан. Ал аш-Шараанын ишенимдүү адамы. “Абу Убайда” бригадасынын командири, полковник. Бул бригада Сириядагы өзбек топторунун көрүнүктүүсү. Башка топтордо өзбектер аз", - дейт аты-жөнүн атагысы келбеген Идлибдеги өзбек.
Сирияда жаңы бийликке баш ийүүдөн баш тарткан куралдуу топтор дагы эле бар. Рейтер агенттигинин булактарынын маалыматында, негизинен өлкөнүн түндүк-батышындагы, айрыкча Идлиб провинциясындагы согушчан топторду куралсыздандыруу жана интеграциялоо Ахмед аш-Шараанын өкмөтү үчүн эң оор маселелердин бири бойдон калууда.
Рейтер агенттиги АКШ Сирияга болжол менен 3500 чет элдик жоочуну, айрыкча Кытайдан жана коңшу өлкөлөрдөн келген уйгурларды жаңы түзүлгөн армиялык бөлүккө интеграциялоого уруксат берген планды жактырганын жазган.
Сирия боюнча АКШнын атайын чабарманы Томас Баррак америкалык бийликтин чечимин түшүндүрүп жатып, Вашингтон бул жоочуларды мамлекеттик институттардын алкагында көзөмөлдөө оң деп эсептей турганын айткан. Анткени аларды көзөмөлсүз калтыргандан көрө, мамлекеттик система ичинде байкоого алуу коопсузураак.
АКШ сириялык өкмөттөн бул адамдарды мамлекеттик көзөмөлгө алууну суранганы менен аларды расмий мамлекеттик түзүмдөргө интеграциялоону колдогон эмес.
Борбор Азиядан чыккан согушкерлер Сирияга кантип барышкан жана өлкөдө канчоо калды?
Чет өлкөлүк жоочулар анын ичинен Борбор Азия өлкөлөрүнөн баргандар Сирияда 2011–2012-жылдардагы жарандык согуштун биринчи этабында пайда болгон. Алар радикалдуу исламчыл топторго, айрыкча "Ислам мамлекетине" кошулган. Бул террордук уюм ошол кезде Сирия менен Ирактын бир катар аймактарын көзөмөлгө алган. Изилдөөчүлөрдүн баамында, согуш күчөгөндө жаңжалга Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан барган 2 миңден 4 миңге чукул адамдар катышкан.
2014-жылдан 2019-жылга чейинки аралыкта бир нече эл аралык коалициялар жана жергиликтүү куралдуу күчтөр "Ислам мамлекети" тобун мурда көзөмөлдөгөн аймактардан сүрүп чыкканда жоочулардын көбү окко учкан.
Борбор Азиядан чыккан жоочулар негизинен "Ислам мамлекети" тобунун катарында гана эмес, "Жебхат ан-Нусра" (азыркы "Хайят Тахрир аш-Шам") уюмунда, мындан тышкары "Катибат Таухид валь-Жихад" жана "Катибат имам аль-Бухари" батальондорунун курамында согушкан.
Акыркы аталган топту Өзбекстандын Наманган облусунан чыккан Акмал Журабаев түзгөн деп эсептешет. Шейх Салахиддин деген каймана ат менен таанымал Журабаев 2017-жылдын апрель айында өлтүрүлгөн.
Бул топ азыркыга чейин барбы, анын курамында канча жоочу жүрөт жана алар кайсы жерди байырлашканы тууралуу так маалымат жок. Бирок расмий эмес маалыматтарга ылайык, жетекчиси каза болгондон кийин топтун лидерлеринин ортосун кара мышык аралаган. Натыйжада уюм ыдырап жоочулардын жарымы "Катибат Таухид валь-Жихад" тобуна кошулган, айрымдары башка жергиликтүү террордук топторунун катарына өтүп кетсе, дагы бир бөлүгү Сирия менен Түркиядагы жергиликтүү калкка сиңип кеткен.
Өзбекстандан келгендерден жана аймактагы этникалык өзбектерден турган "Катибат Таухид валь-Жихад" тобу 2013-жылы Сирияда негизделген. Аны Кыргызстандын Ош облусунан чыккан Сирожиддин Мухтаров түзгөн. Ал Абу Салох ал-Узбеки деген каймана ат менен белгилүү болгон. Сирожиддин Мухтаров 2022-жылы Идлибдеги жоочулар лагерине орус күчтөрү сокку урганда өлтүрүлгөн. Бул топ негизинен Кыргызстан менен Өзбекстандан эркектерди жалдап, аларды Асадга каршы согушууга чакырып келген.
Орусиянын атайын кызматтары "Катибат Таухид валь-Жихад" тобун 2017-жылдын апрель айында Санкт-Петербург метросунда болгон терактты уюштурууга тиешеси бар деп атаган. Ал жардыруунун кесепетинен 15 адам мерт болуп, дагы жүзгө жакын киши жараат алган. Орусиянын тергөө органдары Сирожиддин Мухтаровду теракттын буюртмачысы деп тапкан.
2017-жылдын февраль айында "Катибат Таухид валь-Жихад" "Хайят Тахрир аш-Шам" аттуу жаңы альянска кошулган. Бул альянс "Жебхат ан-Нусра" уюму "Аль-Каида" менен байланышын үзгөндөн кийин түзүлгөн.
Өзбекстандын бийлиги "Катибат Таухид валь-Жихад" тобунун мүчөлөрүн жана тарапкерлеринин сары изине түшкөнү маалым. Өлкөнүн Жогорку соту бул уюмду 2016-жылдын сентябрь айында "террордук уюм" деп тааныган. Анын ишмердүүлүгүнө Кыргызстандын аймагында да тыюу салынган.
Асаддын режими кулагандан кийин Сирияда Борбор Азиядан барган канча жоочу жүргөнү белгисиз. Айрым маалыматтарда алардын жалпы саны бир нече миңге жетиши мүмкүн.
Өткөн жылдын март айында Казакстандын Орусиядагы элчиси Даурен Абаев РИА Новости агенттигине курган маегинде Сириянын аймагында болжол менен 30 казакстандык калганын билдирген.
"Алардын көбү мекенине кайткысы келбейт. Айрымдары Сириянын жарандыгын алып, ошол жерде туруктуу жашоону пландап жатышат", - деген элчи.
Тажикстандын атайын кызматынын ишенимдүү булагы Асад режими кулагандан кийин Сирияда ошол учурда болжол менен 400 тажик тектүү адам барын маалымдаган.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы биринчи төрагасынын орун басары Артур Медетбеков учурда Сирияда болжол менен 200–300 кыргыз жоочу бар деп эсептейт.
Борбор Азиялык согушкерлерди эмне күтүп турат?
2025-жылдын июнь айында америкалык The New York Times гезитинин журналисттери Сириядагы бир нече чет элдик жоочу менен сүйлөшкөн. Алар жакын арада өлкөдөн кетүү ою жоктугун айтышкан. Айрымдары сириялык аялдарга үйлөнүп, үй-бүлө курган. Асад режими кулагандан кийин бизнес баштагандары да жок эмес.
Мекенине кайтып келген күндө да алар узак мөөнөткө камалышы мүмкүн. Ошондуктан көпчүлүгү Сириянын жарандыгын алууга аракет кылышат.
Эгер Борбор Азиядан чыккан жоочулар Сириянын жаңы системасына интеграция боло албаса, келечеги бүдөмүк. Аларды аш-Шараанын бийлигине баш ийбесе дагы түрмө, мекенине кайтса дагы түрмө күтүп турат. Бирок бул туңгуюк абал алардын жеке тандоосу. Аларды бөтөн өлкөгө эч ким жиберген эмес.
"Эгер Сирия бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыккан жоочулар азыркы өкмөткө каршы кандайдыр бир аракеттерге катышканын же кабыл алынгыс деп эсептелген кылмыштарга барганын аныктаса, аларды өз өлкөлөрүнө депортация кылат. Албетте, мекенине келгенден кийин алардын баары суракка алынат. Эгер террордук уюмдарга тиешеси бар экени тастыкталса, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Алар ким болбосун, катуу жаза алат. Жаза мөөнөтү узакка созулат", - дейт Артур Медетбеков.
Сириянын жаңы бийлиги радикалдашкан чет элдиктерге коопсуздукка олуттуу коркунуч катары карайт. Алардын пикиринде, мындай адамдар жихадчылык көз караштардан оолак, мелүүн саясатка жана саясий прагматизмге өтүүгө тоскоолдук жаратууда.
"Сирия бийлиги дүйнөлүк коомчулукка динге негизделген мамлекет курса болорун далилдегиси келет. Эгер Сирия тышкы жана ички саясатта кандайдыр бир ийгиликтерге жетсе, санкциялар жумшарып, эл аралык уюмдардан белгилүү бир жардамдар келе баштайт", - дейт Артур Медетбеков.
Май айынын башында Идлибде өзбек жоочуларына каршы жүргөн рейд акыркы айларда чет элдиктер арасындагы биринчи операция эмес. Былтыр октябрда Сириянын жаңы бийлигине баш ийген коопсуздук күчтөрү "Фиркат аль-Гураба" ("Чет элдиктер бригадасы") аттуу француз жоочуларынан турган топко каршы операция өткөрүшкөн.
Бул топту теги сенегалдык, Франциянын жараны Омар Диаби жетектеген. Ал Омар Омсен деген ат менен белгилүү.
"Мурда адам өлтүрүп, талап-тоноо менен алектенгендер мыйзамга баш ийген жаран болуп кетпейт жана азыркы бийликтин талаптарын аткарбайт. Ошондуктан алар акырындап же өз өлкөлөрүнө өткөрүлөт, же түрмөгө камалат, же аларды жок кылуу чаралары көрүлөт", - дейт Артур Медетбеков.
"Озодликтин" кабарчысы Барно Исакованын макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.
Шерине