Президент Садыр Жапаров демилгелеген Конституциялык сот тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. Долбоорго ылайык, түшкөн кайрылууларды алгачкы текшерүүдөн өткөрүп, өндүрүшкө алып-албоону чечкен үч судьядан турган коллегия жоюлат.
Бул жумушту Конституциялык соттун төрагасы бир судьяга тапшырат. Кайрылууну өндүрүшкө алуу же четке кагуу бардык судьялардын добушу менен чечилет.
Муну менен катар мурда коллегиянын аныктамасына каршы үч айдын ичинде кайра даттануу мүмкүнчүлүгү болгон болсо, жаңы мыйзам менен бул укук жоюлууда.
Азыр Конституциялык сотко кайрылуулар кагаз түрүндө кабыл алынса, эми электрондук форматка уруксат берүү каралууда.
Ишти кароонун мөөнөттөрү боюнча да өзгөрүү кирип, түрлөрүнө жараша убакыт белгиленет.
Соттун катышуучулары жок эле карала турган процесстердин тизмеси кеңейип, буга бийлик бутактарынын ортосундагы талаштар, Конституцияга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорлоруна корутунду берүү, соттун кайрылуусу боюнча иштер жана Конституциялык соттун чечимин кайра кароо, чечимдерге түшүндүрмө берүү кирди.
Конституциялык соттун чечиминен же корутундусунан улам укуктук боштуктарды жоюу үчүн иштелип чыккан мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке коомдук талкуулоосуз, кечиктирилгис шартта киргизилет. Мындай мыйзам долбоорлору парламентте кезексиз жана бир эле мезгилде үч окууда каралууга тийиш деп көрсөтүлүүдө.
Конституциялык соттун тогуз судьясы бар. Ага Конституцияны расмий чечмелөө, бийлик бутактарынын ортосундагы талаштар, эл аралык келишимдер, баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, бул соттун чечимдерине түшүндүрмө суроо жана кайра кароо арызы менен кайрылышат.
Шерине