Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Жамалбек Ырсалиев 5-июнда Бишкек шаардык сотунан акталганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, буга чейин козголгон ишти Ленин райондук соту кыскарткан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жамалбек Ырсалиевди 2025-жылдын июль айында кармаган. Ал УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Тунгуч кичи районунда эл менен жолугуп жаткан учурда кармалып, кийин Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.
Атайын кызмат ал Тунгучта 1,5 миңдей чарчы метр жерди алты жыл бою “мыйзамсыз пайдаланып келгенин”, мамлекетке 3 миллион сомдой зыян келтирилгени аныкталганын кабарлаган.
Көп өтпөй Жамалбек Ырсалиев мамлекетке 2,9 миллион сом зыяндын ордун толтуруп, эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде эркиндикке чыккан.
2020–2021-жылдары ал Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри, 2022–2024-жылдары «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору, ал эми 2024-жылдын май айынан 2025-жылдын июнь айына чейин Бишкек шаарынын транспорт жана курулуш маселелери боюнча вице-мэри болуп иштеген.
Кылмыш иши козголгондон кийин жумуштан алынган. (BTo)
Шерине