Кыргызстанда майыптыгы бар 29 728 бала адистештирилген, кадимки мектептерде жана Туңгуч онлайн мектебинде билим алат. Дагы сегиз миңдей бала диагнозу оор болгондуктан, мектептен билим ала алышпайт. Алар үйлөрүнөн жана реабилитациялык борборлордо окушат. Бул балдарды мугалимдер үйүнө барып окутушат.
Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова 15-июнда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында билдирди.
Депутат Токтобүбү Ашимбаева балдарды инклюзивдик билим берүү системасынын негизинде ата-энеси жашаган жеринде окутуу, аларга билим берүүдө мугалимдердин жардамчысы деген кызматты түзүп, аларга да айлык акы төлөө маселесин чечүү зарылдыгын билдирди. Бул системада мумкүнчүлүгү чектелүү балдарды окутуу үчүн пандустардан тартып, аларды башка балдар менен катар толук билим алуусуна бардык шарттарды түзүүнү белгиледи.
Майыптыгы бар балдарга билим берүүчү мектептерде психолог, логопед, сурдопедагог жана башка атайын педагогикалык адистиктеги мугалимдердин саны жетишсиздигин айтып, бул багытта окутуучу мугалимдерди көбөйтүүнү сунуштады.
Илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин орун басары Дурус Козуев жогорку окуу жайларында бюджеттик орунда окуган студенттер жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин мамлекеттик мектептерге иштөөгө бөлүштүрүлөрүн билдирди. Анын сөзүнө караганда учурда мындай кууш профилдеги адистердин өздөрүн даярдап чыгаруучу кадрлар окуу жайларда жетишсиз.
Депутат Медер Чотонов Кыргызстандагы майыптыгы бар балдардын саны боюнча 2024-2025-жылдарга маалымат жоктугун сынга алды. Ал тиешелүү министрликтерди акыркы жылдарды камтыган так статистикалык маалыматтарды берүүгө чакырды.
2010-жылы Кыргызстанда 22 миң майыптыгы бар бала катталса, 2023-жылы алардын саны 37 637ге жеткен.(ZKo)
Шерине