Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

17-июндун аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт

17-июнда түнкүсүн Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 16-июнда эртең менен 19,4 градус болду.


Шерине

XS
SM
MD
LG