Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

25-июнга чейин күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

23-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күңдүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күңдүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күңдүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 34…36° жылуу болот.

Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 22-июнда эртең менен 20,1° түздү.


Шерине

XS
SM
MD
LG