Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун ден соолугу канааттандырарлык экенин кабарлады. Мекеме ага зарыл болгон учурда “Тез жардам” кызматы да медициналык жардам көрсөтүп жатканын кошумчалады.
ЖАМК өзүнүн карамагында №31 адистештирилген мекеме бар экенин, соттолгон жана камакта жаткандардын медициналык көрсөтмөлөрү бар болсо алар сөз болуп жаткан ооруканага жаткырыларын билдирди.
“Камактагы ар бир адамдын ден соолугу тиешелүү кызматтар тарабынан көзөмөлдөнүп, Кыргызстандын учурдагы мыйзамдарынын алкагында каралат”, - деп айтылат маалыматта.
KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун адвокаты Асел Аргымбаева камактагы ишкердин ден соолугу кескин начарлап, 19-июндан 20-июнга караган түнү тергөө абагына эки жолу “Тез жардам” чакырылганын маалымдаган. Анын сөзүнө караганда, Имамидин Ташов толук дарыланбай ушул тапта дары-дармек эле ичип жатат.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2025-жылдын 25-июлунда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.
Адвокат райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко доо арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген. Иш ушу тапта Бишкек шаардык сотунда каралууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.
Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салып, ачкачылык да жарыялаган. (BTo)
Шерине