Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:27

25-июндун аба ырайы: Тоолуу аймактарда жаан жаайт

Нарын аймагы.
Нарын аймагы.

25-июнда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күңдүз 32…37

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 30…32° ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 20…22° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 23-июнда күндүз 22,3°, 24-июнда эртең менен 20,1° түздү.


Шерине

XS
SM
MD
LG