Израилдин куралдуу күчтөрү – ЦАХАЛ Ливандагы Мансури шаарына баракчаларды таштап, жергиликтүү жашоочуларды эвакуация болууга чакырды. Бул тууралуу ливандык медиа кабарлады.
Бул - Израил менен “Хезболла” согушкер уюму ортосундагы ок атууну токтотуу келишими күчүнө киргенден берки алгачкы мындай эскертүү.
Вашингтон "Хезболланы" террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген.
Ливан армиясынын жогорку өкүлүнүн айтканына караганда, жакында Израил сөз болгон калааны оккупациялаган тилкелердин тизмесине киргизген. Ал Мансуриге малчылар кирип-чыкканын, бирок ал жакта жашабаганын кошумчалады.
Ливандын расмий адамдары ЦАХАЛ түндүк чек араларын бекемдеп, жакындагандардын баарына, анын ичинде карапайым тургундар менен ливандык аскерлерге ок ачып жатканын айтууда.
Анын алдыңкы күнү эки тарап тең Израил Ливандын түштүгүндөгү оккупацияланган жерлерден чегингенин четке каккан. Буга чейин АКШнын расмий өкүлү ЦАХАЛ ак ниетин көрсөтүп, айрым бөлүктөрүн чыгарып кеткенин билдирген.
Израил жана Ливан учурда Вашингтондун сунушун талкуулап жатышат. Ага ылайык, израилдиктер “Хезболла” менен согуш учурунда басып алынган айрым жерлерди Ливандын армиясына өткөрүп берүүгө тийиш.
Иран Ормуз кысыгын ачуу үчүн ирандык мунай менен мунай заттарды экспорттоого уруксат берүү шарты менен катар Ливандагы согушту токтотуу талабын койгон.
Тегерандын таламын талашкан ливандык “Хезболла” 2-мартта Израилге ракета атууга киришкенде ЦАХАЛ ага каршы операция баштаган. Ошондон бери, Ливандын бийлиги маалымдагандай, 3 миңден ашуун киши каза тапты, бир миллиондон ашууну жер которууга мажбур болгон.
Шерине