Венесуэладагы кыйраткыч эки жер титирөөдөн каза болгондордун саны 589ге жеткенин бир катар эл аралык медиа, арасында CNN, The Guardian, The New York Times өлкөнүн утурумдук президенти Дельси Родригеске шилтеме менен жазышты. Маалыматка караганда, жараат алгандар 3 миңдин айланасында.
Айрым маалымат каражаттары дайынсыз жоголгондордун саны он миңдеп саналарын кабарлашууда. Бир тобу урандылардын астында калган.
Венесуэлага туш-тараптан жардам жетирилип, куткаруучулар жөнөтүлүүдө.
24-июнда 7,2 жана 7,5 баллдык катуу жер титирөө болгон. АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына караганда, экинчи силкинүү бир мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында катталган.
Шерине