Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:32

Кулов Алмазбек Атамбаевге мунапыс берүүгө чакырды

мурдагы премьер-министр Феликс Кулов.
мурдагы премьер-министр Феликс Кулов.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов Кадырбек Атамбаевдин ачык катына байланыштуу пикирин билдирип, анын кылмыш иши тез арада сотто каралышы керек экенин айтты. Ошондой эле ал экс-президент Алмазбек Атамбаевге мунапыс берүү гуманизмге туура келерин белгиледи. Бул тууралуу ал 5-июлда өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында пост жазрыялады.

"Кадырбек Атамбаев менен Темирлан Султанбековдун кылмыш иши боюнча башынан эле далилдердин жетиштүүлүгүнө байланыштуу суроолор жаралган. Көпчүлүк тергөө аяктаган соң коомчулукка ишенимдүү далилдер айтылат деп күткөн. Тергөөнүн узакка созулушу дароо адамды күнөөлүү деп чыгарбайт. Эгер тергөө ишенимдүү, элди ынандыра турган далилдерди көрсөтө албаса, бул абдан көп суроолорду жаратат. Ошондуктан бул ишти мүмкүн болушунча тезирээк сотто карап, мыйзамдуу чечим чыгаруу зарыл",-деп жазган Кулов.

Кулов бул маселени Кадырбек Атамбаевдин ачык кайрылуусунан кийин көтөргөнүн, кат өлкөдөгү тергөө жана сот системасынын абалы жөнүндө кайрадан ойлонууга негиз болорун жүйө келтирген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу, учурда камакта отурган Кадырбек Атамбаев ушул аптада ачык кайрылуу жасаган. Анын жабык жайдан жазган катын карындашы Алия Шагиева өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.

Кадырбек Атамбаев катта уюшкан кылмыштуу топтор менен эч кандай байланышы жоктугун жана курал-жарагы болбогонун белгилеп, өзүнө карата кылмыш ишти "токулган" деп мүнөздөгөн.

Атасы Алмазбек Атамбаевди опузалагысы келгендер өзүн барымтада кармап турганын кошумчалаган.

Кадырбек Атамбаевге, “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлуп, азыр камакта.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин сунуштап келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG