8-июлга караган түнү украин учкучсуз учактары Орусиянын аймагындагы инфраструктуралык мунай объекттерине жана аскер буталарына кайрадан сокку урду.
Саратовдо чабуулдан кийин мунай өндүрүүчү заводдо өрт тутанды. Губернатор Роман Бусаргин бир адам каза болуп, бир нечеси жараат алганын билдирди. Анын айтымында, жарандык инфраструктуралык объекттерге зыян келтирилген.
Мониторинг жүргүзгөн Телеграм-каналдар чабуулдун бутасы "Роснефть" компаниясынын мунай өндүрүүчү заводу (МӨЗ) болгонун ырасташууда.
Украин мониторинг каналдарынын жана Astra басылмасынын маалыматында, Татарстандын Нижнекамск шаарындагы ТАИФ-НК жана "Танеко" мунайды кайра иштетүүчү ишканалары жайгашкан өнөр жай зонасына сокку урулду.
Окуянын күбөлөрү өрт чыккан жерден сүрөт жана видеолорду жарыялашууда. Бийликтер учкучсуз учактар чабуул койгонун ырасташты, бирок анын кесепеттери тууралуу маалымат беришкен жок.
ASTRA басылмасынын маалыматында, Воронеж облусунда чабуулдан кийин Борисоглебск аскер аэродромунун аймагында өрт тутанган.
Украиналык Supernova+ Телеграм-каналы учкучсуз учактар аэродромдун жанындагы мунай базасына да чабуул койгонун айтууда. Жергиликтүү бийлик аба коркунучу тууралуу айгай жарыяланганын ырастаганы менен, кандайдыр бир объекттердин жабыркаганын кабарлаган жок.
Ростов облусунда украин дрондорунун чабуулунан Ростов-на-Дону шаарына багыт алган эки бош танкер зыянга учурады. Губернатор Юрий Слюсарь билдиргендей, эки адам жеңил жараат алып, кемелердин биринин экипажы эвакуация болгон.
Анын айтымында, мунай өнүмдөрү деңизге төгүлгөн эмес.
Телеграм-каналдарда таңга маал Уфа шаарына да учкучсуз учактар чабуул койгону тууралуу маалыматтар пайда болду. Жарыяланган кадрларга караганда, мунайды кайра иштетүүчү ишканалардын биринин аймагынан коюу түтүн көтөрүлгөнүн көрүүгө болот.
Орусиянын Коргоо министрлиги абадан коргонуу күчтөрү түндө Украинанын 415 учкучсуз учагын жок кылганын жарыялады. Мекеме алардын канчасы бутага тийгенин кабарлаган жок. Украина тарап азырынча түнкү соккулар боюнча расмий түшүндүрмө бере элек.
Шерине