Анкарада НАТОнун жылдык саммити уланууда. Жолугушуу Украинадагы жана Ирандагы согуштардын фонунда өтүп жатат.
АКШ мүчө мамлекеттерди коргонуу тармагына көбүрөөк каражат сарптоого чакырып келатат.
Былтыр Гаагадагы жолугушууда альянс 32 өлкө 2035-жылга карай ички дүң өндүрүмүнүн 5 пайызын коргонууга жумшоону макулдашкан. Анын 3,5% курал-жарак жана башка аскердик жабдууларды сатып алууга сарпталары белгиленген. Калганы аскердик инфраструктураны бекемдеген инвестицияларга багытталышы мүмкүн.
Анкарада ошол максатка жетүү жолдору талкууланары айтылган.
Альянстын мүчөлөрүнөн тышкары бийик деңгээлдеги жылдык жолугушууга украин президенти Владимир Зеленский да катышууда. Саммиттин алкагында Түркиянын башкалаасында коргонуу өнөр-жайынын форуму өттү.
Анда сүйлөп жатып, украин президенти абадан коргонуу системалары жаатында чечкиндүү жардам күтөрүн билдирди.
Зеленский бүгүн Трамп менен кездешмекчи.
Түрк мамлекет башчысы Режеп Таип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө АКШ президенти Украинадагы согуш тууралуу да сөз кылды. Анын айтымында, тараптар келишимге барууну каалайт.
Трамп жакында украин жана орус президенттери менен телефондон сүйлөшкөнүнүн кошумчалады.
Украина акыркы айларда Орусиянын армиясын камсыздаган энергетика тармагына каршы чабуулдарды күч алдырды. Москва жапырт соккуларын улантып, июль айында эле Киевде 50 чакты карапайым киши каза тапты.
Трамп НАТОдон чыгуу ыктымалдыгын эч качан четке какпайт жана Европанын коопсуздугун камсыздаган блоктун АКШ үчүн мааниси барбы деген собол коюп келет.
АКШнын президенти Италия, Германия жана Франция өңдүү өнөктөштөрдү Иранга каршы согушта көмөктөшпөгөнү үчүн да сындады.
Шерине