Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:39

Жанар Акаев Оштогу "КелБил" мектебинин ижара маселеси чечилгенин билдирди

“КелБил” мектебинин эмгек жамаатынын жана анда окуган балдардын ата-энелеринин президентке кайрылуусунан алынган скриншот.
“КелБил” мектебинин эмгек жамаатынын жана анда окуган балдардын ата-энелеринин президентке кайрылуусунан алынган скриншот.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев бул калаадагы “КелБил” мектебинин ижара маселеси чечилгенин 11-июлда социалдык тармактар аркылуу билдирди. Ал имарат ээси, ишкер Назгүл Жолдошова жана мектеп ээлери менен жолугушканын маалымдады.

“Биз мунасага келдик. Бул үчүн ишкер Назгүл Жолдошовага ыраазычылык билдирем. Анткени ортодогу келишим 2026-жылдын 26-майына чейин түзүлгөн. Бул жагынан алганда Жолдошованын имараттан чыгарганга юридикалык укугу бар. Биз үч жолу жолугушууга чакырып, ушул маселеде мен кепил болуп берем деп суранып, аны четке каккан жок. “Келбил” мекемесинин эмгегин сыйлап, жүздөгөн балдарга билим берип жатканын туура түшүнүү менен кабыл алып, эмгегин урматташыбыз керек”, - деди Акаев.

Ал жеке менчик мектептин окуу процесси үзгүлтүккө учурабай турганын белгилеп, ата-энелерди тынчсызданбоого чакырды.

6-июлда “КелБил” жеке менчик мектебинин эмгек жамааты жана анда окуган балдардын ата-энелери президент Садыр Жапаровго кайрылып, билим берүү комплекси жайгашкан имараттан мажбурлап чыгарылганы жатканына даттанышкан.

Мектептин директору Өмүрбек Акбаралиевдин айтымында, алар имаратты беш жылдан бери ижарага алып иштетип келишкен. Мектепте 400гө жакын окуучу окуйт жана 50дөй мугалим эмгектенет. Ал имарат ээлери дагы беш жылга келишим түзүү ниетин билдирип, кийин баш тартып койгонун, жыл сайын акыны көтөрүп келгенин айтып даттанган.

"Азаттык" ишкер Назгүл Жолдошева байланышканда, ал өзүнүн имараты билим берүү багытына ыңгайлашпагандан улам тиешелүү мамлекеттик органдардан эскертүү алып, айып жыгылганын түшүндүргөн.

Жолдошева мектеп менен беш жылга эмес, эки жылга гана келишим түзгөнүн, оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын эсебинен билим берүү мекемеси 2024-2025-окуу жылы акысыз иштегенин айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG