Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Одессага ракета менен сокку урулуп, эки адам каза тапты

Одесса, Украина. 13-май, 2026-жыл.
Одесса, Украина. 13-май, 2026-жыл.

Одесса облустук аскердик администрациянын төрагасы Олег Кипер Орусиянын ракеталык соккусунан алдын ала маалыматтар боюнча эки адам каза тапканын билдирди.

Анын айтымында, 24 жаштагы бир адам жараат алган.

Кипер Орусия жарандык инфратүзүмдү бутага алганын жана кырсык болгон жерде куткаруу иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Бүгүн, 11-июлда саат 11:00 чамасында Украинанын Аба күчтөрү Орусиядан Одессага карай ракета учурулганын эскертишкен.

Облустук аскердик администрациянын маалыматында, Орусиянын аскерлери Одесса облусунун түштүгүндөгү аймактын жарандык инфратүзүмдөрүнө да сокку урган. Анын кесепетинен эмкана, кеминде үч жеке турак үй жана инфратүзүмдүк объекттер бүлгүнгө учураган.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматында, 11-июлга караган түнү орусиялык армия Украинага карай 120 дрон жана 12 ракета учурган. Мындан кийин украин президенти Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөрүн НАТО саммитиндеги Украинага "Патриот" системасын чыгарууга лицензия берүү убадасын жана биргелешкен европалык антибаллистикалык долбоор боюнча макулдашууларды болушунча тездетүүгө чакырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG