Казакстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба комитетинин төрагасы Серик Сермагамбетов атайын брифингде Каспий деңизиндеги аюу балыктардын (тюлень-ред.) жапырт кырылышына эмне себеп болгонун айтты.
Анын белгилешинче, жаныбарлардын жапырт кырылышына суу астындагы жер титирөөлөрдөн улам бөлүнүп чыккан газдар себеп болгон. Текшере келгенде аюу балыктардын жугуштуу ылаңга чалдыкпаганы аныкталган.
Сермагамбетов аюу балыктардын тарпын Казакстандын жээгине башка өлкөлөрдөн шамал айдап келиши мүмкүн экенин айтты.
"Бул процесс Каспий деңизинин бүткүл акваториясында, мисалы, Азербайжан же Иран тарапта болушу мүмкүн. Батыштан катуу шамал болгондо суу тарптарды Актау тарапка, Казакстандын жээгине сүрүп таштайт. Биз жергиликтүү бийликтер жана уюмдар менен биргеликте өлгөн балыктардын тарпын жыйноо алгоритмдерин түзүп жатабыз", - деди ал.
Деңиз жээгинен аюу балыктардын тарпы дайыма табылат. Буга чейин 2024-жылы 2 миңге жакын аюу балык кырылган. 2025-жылдын ноябрында окумуштуулар жаныбарлар иммунитети начарлагандан өлүмгө дуушар болгон деген бүтүм чыгарышкан.
2026-жылы апрель-июнь айларында Түпкараган районунун жээктеринен жалпысынан 255тен ашык аюу балыктын өлүгү (апрелде 200гө жакын, майда 35, июнда 20) табылган. Сууну текшергенде уу заттар аныкталган эмес.
Каспий аюу балыктары Казакстандын Кызыл китебине кирген. Жаныбарларды сактап калуу үчүн Актауда "Каспий итбалыгы" мамлекеттик жаратылыш резерваты түзүлгөн. 2025-жылдын кышында аюу балыктардын миграциялык каттамына жолтоо болбошу үчүн кеме каттамдарына чектөө коюлуп, балык уулоочу аймактар жылдырылган.
Окумуштуулар аюу балыктардын саны браконьерликтен, суунун булганышынан, деңиздин тартылышы жана чөйрөнүн начарлашынан улам азайып жатканын айтышат. Мындан тышкары, байкоочулар Каспий акваториясын Орусиянын армиясы Украинага ракеталык сокку уруучу жай жана машыгуу полигону катары колдонуп жатканын белгилешет.
Шерине