Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:41

Бангладеште селден жана жер көчкүдөн 40тай адам каза болду

Бангладештин Читтагонг шаарында жааган жамгырдан кийин суу каптаган көчөдө бараткан адамдар. 2026-жылдын 8-июлу.
Бангладештин Читтагонг шаарында жааган жамгырдан кийин суу каптаган көчөдө бараткан адамдар. 2026-жылдын 8-июлу.

Көп күнгө созулган муссондук жаан-чачындардын айынан жүргөн сел жана жер көчкү Бангладештин түштүк-чыгышында кеминде 44 адамдын өмүрүн алды.

Рейтер агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме берип жаратылыш кырсыгынын айынан 1 миллиондон ашуун адам жана 267 918 үй-бүлө сырткы дүйнөдөн бөлүнүп калганын жазды.

Жолдордун жуулуп кетиши жана көпүрөлөрдүн бузулушу кырсыктан жабыркаган аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү иштерине тоскоолдук жаратты.

Аскер кызматкерлери обочодо калган калктуу конуштарга кайыктар менен азык-түлүк, таза суу, дары-дармек жана биринчи кезектеги зарыл буюмдарды жеткирип жатышат.

Ушул аптанын башында Кокс-Базардагы рохинжа качкындарынын лагерлеринде нөшөрдүн айынан жер көчүп, 16 адам, анын ичинде аялдар жана балдар каза болду. Рохинжалар — Мьянмада жашаган, негизинен ислам динин тутунган этникалык топ. Алар мекенинде буддисттердин куугунтугуна кабылышат.

Кокс-Базарда миллиондон ашуун рохинжа качкындары жашайт. Шаар бийлиги аларды кооптуу тоолуу аймактардан башка коопсуз жерлерге көчүрүп жатканын жарыялады.

Бангладештин метеорологиялык кызматынын божомолунда жакынкы күндөрү дагы жаан жаашы мүмкүн.

Шерине

XS
SM
MD
LG