Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) отставкадагы полковниги Талант Разаков 71 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 18-июлда атайын кызматтын жетекчилиги, өздүк курамы жана Ардагерлер кеңеши билдирди.
УКМК тараткан маалыматта айтылгандай, Талант Разаков 1955-жылы 9-сентябрда Өзгөн районунда жарыкка келген. 1979-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Журналистика факультетин бүтүргөн. 1979-1981-жылдары Кыргыз телекөрсөтүүсүндө редактор болгон.
1981-жылдан тартып Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитетине кирип, оперативдүү кызматкерден баштап жетекчилик орундарга чейин жеткен.
Ал өзүн коопсуздук кызматкери эле эмес, таланттуу журналист жана жазуучу катары да көрсөткөн. 1987-жылы биринчи аңгемелер жана повесттер жыйнагы "Ата" деген ат менен жарыкка чыккан. 1994-жылы Жазуучулар бирлигине мүчөлүккө кабыл алынган. (ST)
Шерине