3-августта Түндүк Кипрдеги Никосия шаарында кыргызстандык жаранга кол салуу болуп, ал оор жараат менен ооруканага түшкөнү белгилүү болду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуя соода борборунда болгонун, белгисиз жаран ага бычак менен кол салганын тактады.
Кыргызстандын Анкарадагы консулу Чыңгыз Абдурахманов кызматкерлер кыздын туугандары менен байланышта экенин "Азаттыкка" билдирди:
“Жараныбыздын абалы өтө оор деп белгиленди. Лефкоша (Никосия) шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бүгүн кечинде же эртең анын бир тууган агасынын келери күтүлүүдө. Өзү мындан эки-үч ай мурда жумуш издеп келген экен. Азыр кайсы жерде иштеп жатканын тактап жатабыз”.
"Азаттык" кыздын Кыргызстандагы туугандарына байланышканда алар азырынча комментарий берүүдөн баш тартты.
Түндүк Кипрдеги басылмалардын маалыматына караганда, окуя Metropol соода борборунда болгон. Анда 23 жаштагы кыргызстандык жаранга бир нече ирет бычак урулганын жазышууда.
Шектүү катары 31 жаштагы М.Б.К. аттуу жаран кармалган. Ал кызга кол салгандан кийин өзүнө да бычак урганын жергиликтүү басылмалар полиция кызматына шилтеме берип жазышууда. Алган жараатынан улам ал да ооруканага түшкөн. Полициянын божомолуна таянып маалымат каражаттары ал түркмөнстандык болушу мүмкүн экенин кабарлашты.
Никосиядагы доктор Бурхан Налбантоглу мамлекеттик ооруканасынын башкы дарыгери Хасан Биртан Ж.Анын абалы оор бойдон калып жатканын "Түрк агенттиги Кипр" басылмасына билдирген. Ал кыздын бир нече органы жабыркаганын жана көп кан жоготконун белгилеген.
Абдразаковага кол салуу боюнча маалымат 4-августта тарап, алгач ал Казакстандын жараны экени айтылган. Кийин Тышкы иштер министрлиги тактап, кыз кыргызстандык экенин белгиледи.
Түндүк Кипр Кипр аралынын түндүк жээгиндеги аймак. Анын борбору Никосия шаары. Талашка түшкөн аймактын көз карандысыздыгын Түркия мамлекети гана тааныган.
Бул аймакта окуган жана иштеген кыргызстандыктардын саны болжол менен 1500-2000 деп айтылат.
Шерине