Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:46

Казакстанда белгилүү режиссер Ардак Амиркулов 71 жашында дүйнө салды

Ардак Амиркулов
Ардак Амиркулов

Казакстандык белгилүү режиссер Ардак Амиркулов 71 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу казак Маданият жана маалымат министрлиги билдирди.

Мекеменин билдирүүсүндө маркум өмүрүн улуттук киноискусствого жана өлкөнүн кинематографиясын түптөөгө арнаганы айтылат. «Отрардын кыйрашы», «Абай», «Кош бол, Гүлсары!" фильмдери казак улуттук киносунун алтын фондуна кирген.

«Отрардын кыйрашы» эгемен Казакстан чет тилдеги мыкты фильм категориясында Оскар сыйлыгына көргөзгөн алгачкы тасма болгон. Андагы башкы ролдорго кыргызстандык белгилүү актерлор Болот Бейшеналиев жана Догдурбек Кыдыралиев тартылган.

Амиркуловдун фильмдери эл аралык кинофестивалдарда түрдүү сыйлыктарды алган.

Режиссер 1955-жылдын 10-декабрында Жамбыл облусунда туулган. Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Казакстандын эмгек сиңирген артисти болгон, ордендер менен сыйланган.

1992-2002-жылдары «Казакфильм» киностудиясын жетектеген, Алматыдагы театралдык-көркөм институтунун профессору, ошол окуу жайда сабак берген.


Шерине

XS
SM
MD
LG