Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

Журналист Саипов Фейсбукка жарыялаган видео үчүн милицияга чакырылганын билдирди

Шохрух Саипов
Шохрух Саипов

Көз карандысыз журналист Шохрух Саипов Фейсбуктагы баракчасына бир тууган агасы, маркум Алишер Саиповдун 2006-жылы Кара-Суу шаарындагы «Ас-Сарахсий» мечитинин имамы Мухаммад Рафик Камалов атып өлтүрүлгөндөн кийин, анын жакындарынан алып жаткан интервьюсун жарыялаганы үчүн милицияга чакырылган. Учурда Берлинде жашап жаткан журналист бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, "Азаттыкка" да ырастады.

Анын сөзүнө караганда, өзүн Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүм кызматкери деп тааныштырган адам журналистке чалып, видеодогу адамдардын тек-жайына жана тасманы кандай максатта жайгаштырганына кызыккан. Ошондой эле 10-августта милицияга аңгемелешүүгө келип кетүүсүн айткан.

"Ага Берлинде жашай турганымды айттым. Жаш адис Алишер акемди тааныбастыгын дароо сездим. Ошондуктан, ага өзүмдү тааныштырып, видео тууралуу да кенен маалымат бердим. Бул окуя боюнча улуураак, мурунку убактарда иштеген кесиптештеринен маалымат сурап алышын кеңеш бердим. Ал мени туура эле түшүндү, бирок посттун алдындагы пикирлерге көз салып коюшумду суранды", - деди Саипов.

Журналист Фейсбуктагы постунун алдында айрым адамдар бири-бирине акарат келтирген пикирлерди жазышканын ырастап, аларды өчүрүүгө мажбур болгонун кошумчалады.

"Мен ал видеону интернеттеги ачык булактардан алгам жана Алишер агам көрүнгөн жерлерин гана калтырдым. Анда айтылган сөздөр эч кандай мыйзамга каршы эмес, маркум имам тууралуу сөздөр гана. Видеону агамды эскерүү максатында гана чыгардым", - дейт ал.

Милициядан бул боюнча комментарий берише элек.

Журналист Шохрух Саипов 2007-жылы Ошто атып өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун иниси. Ал ар кандай маалымат каражаттары менен кызматташып, өлкөдөгү коомдук-саясий маселелер жана чек арадагы көйгөйлөр тууралуу материалдарды даярдап келет.

"Сиёсат" гезитинин редактору Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда Ош шаарында белгисиз адамдар атып кетишкен. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG