11-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы :
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүз 35…37° ысыйт.
Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 22…24° жылуу болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 9-августта күндүз 23,5°, 10-августта эртең менен 22,2° түздү.
Шерине