Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл жыл башынан бери өлкөдө 1 702 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылганын кабарлады. Маалыматка ылайык, бул балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, укуктарын коргоо жана жашоо шарттарын жакшыртуу жаатында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы.
Жыл башынан бери өзгөчө көңүл бурууну талап кылган, оор шартта жашаган 3 606 бала аныкталган.
Министрлик ошондой эле оор турмуштук кырдаалда турган 1 937 үй-бүлөнү аныктап, анын ичинен 559 үй-бүлө мындай абалдан чыгарылганын кошумчалады. Маалыматта жазылгандай, бул үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүлүп, балдардын билим алуусуна, ата-энелердин жумушка орношуусуна көмөк көрсөтүлгөн. Мындан тышкары үй-бүлө мүчөлөрүнүн документтерин калыбына келтирүүгө жана башка көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берилген.
Президенттин жарлыгы менен 1-августтан тартып үч жашка чейинки балдардын баарына, ата-энесинин макамына карабастан ай сайын 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштады. Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган үй-бүлөлөр үчүн жөлөк пулдун өлчөмү аймактык коэффициент менен эсептелинет.
Бирок жөлөк пул алуудагы түйшүк, кыйынчылыктар тууралуу нааразылык айтылып турат. 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөк пулду алуу үчүн үй-бүлөнүн кирешеси жан башына 1000 сомдон жогору болбошу керек деген жобосу элдин нааразычылыгын жаратып келген.(ZKo)
Шерине