Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

15-августтун аба ырайы: 38 градус ысык болот

Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызстанда 15-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Абанын температурасы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 31…36;

Баткенде түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;

Бишкекте түнкүсүн 19…21, күндүз 35…37 градус болот.

Борбор калаада жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Шерине

XS
SM
MD
LG