Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага АКШ президентинин атайын өкүлү Сержио Гор баштаган расмий делегация катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.
Анын айтуусунда, делегациянын курамына ошондой эле Монтана штатынан АКШ сенатору Стив Дейнс, АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Бетани Поулос Моррисон, АКШ президентинин атайын өкүлү Паоло Замполли жана америкалык тараптын башка өкүлдөрү кирет.
"Америкалык делегациянын өлкөбүздүн башкы мамлекеттик майрамына мындай жогорку деңгээлде катышуусун кыргыз-америкалык мамилелердин бекемделип, эки тараптын өз ара кызыгуусунун өсүп жаткандыгынын белгиси катары баалайбыз. Эгемендик күнүн белгилөөгө жогорку деңгээлдеги делегациянын келиши - кыргыз-америкалык өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарууга умтулуунун далили", - деди элчи.
Эдил Байсалов эки өлкө ортосундагы мамилелер өткөн жылдын ноябрь айында Ак үйдө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусунан кийин жаңы дем алганын белгиледи. Ошондой эле ал учурда Бишкек менен Вашингтон саясий диалогду жана практикалык кызматташтыкты кеңейтип жатканын белгилеп, соода-экономикалык байланыштар, инвестициялар, жаңы технологиялар, билим берүү жана өз ара кызыкчылык жараткан башка багыттарды атады.
Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. АКШ дипломаттары кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндөгү жаңы келишим даяр экенин жана ага тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилешкен.(ZKo)
Шерине