2026-жылдын июнь айынан 1-сентябрга чейин Кыргызстанга мурда чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келген дагы 5 531 автоунаа легалдаштырылып, “10” деген мамлекеттик номурдук белги берилди.
Президенттин иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун маалыматына ылайык, анын ичинен 48 машине рулу оң жактан сол тарабына которулган, калганы чет элдик номур менен жүргөн автоунаалар.
Ушуну менен чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келген унааларды мыйзамдаштыруу аяктады. 1-сентябрга чейин жетишпей калгандардын автоунаасы мындан ары мыйзамдаштырылбайт жана Кыргызстандын аймагында айдаганга тыюу салынат.
Кыргызстанга мурда Абхазиядан, Армениядан жана Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча 2025-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин мүмкүнчүлүк берилген. Бул убакыт аралыгында 30 миңден ашык машине мыйзамдаштырылган. Ал эми жетишпей калгандар автоунаасын чет өлкөгө алып чыгып кетип же тетик катары чачып сатышы керек болчу. Бул убакыт аралыгында жетишпей калгандар дагы убакыт сурап, июндан сентябрга чейин мүмкүнчүлүк берилген.
Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунаа ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер киргизилип кеткен. (BTo)
Шерине