Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:20

Президент Жапаров расмий сапар менен Түштүк Кореяга барат

Садыр Жапаров. Архив
Садыр Жапаров. Архив

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мёнун чакыруусу менен 15-сентябрда Сеулга барат барат. "Ынтымак ордодон" кабарлашкандай, мамлекет башчынын Кореядагы расмий сапары 18-сентябрга чейин уланат.

Сапардын алкагында Жапаров Сеул декларациясын кабыл алуу мерчемделген “Борбордук Азия - Корея” биринчи саммитине катышат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп күтүлүүдө. Сапардын жыйынтыгында экономикалык, инвестициялык, бажы жана башка тармактарда эки тараптуу документтер топтомун кабыл алуу пландалууда.

Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапары менен 2024-жылы барган.

Анын алкагында энергетика, билим берүү жана санариптештирүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 20дан ашык документке кол кол коюлган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG