Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:31

Чет өлкөлөрдөн которулган студенттердин маселеси парламентте жабык каралууда

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 28-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан Кыргызстандын жогорку окуу жайларына которулган студенттердин окуусунун аякташы жана документтерине байланыштуу маселелер жөнүндө маалымат берери күтүлүп жаткан.

Маселени парламенттик Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинде жабык кароону демилгечилер сунуштады. Натыйжада комитет мүчөлөрүнүн макулдугу менен жабык каралып жатат. Маселени жабык кароо себеби түшүндүрүлгөн жок.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, жыйынга министр Гүлзат Исаматова, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору чакырылган.(ZKo)



Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG