Бишкектеги театрлар жаңы чыгармачылык сезонун ачып, көрүүчүлөргө классикалык чыгармалардан тартып заманбап спектаклдерге чейин сунуштай баштады.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдагандай, 3-октябрда А.Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрында 85-театрдык сезондун салтанаттуу ачылышы өттү. Жаңы сезон залкар балерина, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналып, "Чолпон" балети менен ачылды.
"Чолпон" балети Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында 60 жылдан ашуун убакыттан бери коюлуп келет.
Ал эми "Учур" жаштар театры жаңы сезонун 5-октябрда ачат. Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, театрдын алгачкы спектакли орусиялык драматург В. Л. Гуркиндин "Любовь и голуби" пьесасынын негизинде коюлган "Чиркин өмүр" комедиясы болот. Анда үй-бүлөлүк мамилелер, сүйүү жана ишеним темалары көтөрүлөт.
Спектаклдин режиссеру - Кыргызстандын эл артисти Уланмырза Карыпбаев.
"Чиркин өмүрдүн" премьерасы Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында өтөт. (ZKo)
Шерине