Париждин аймагындагы бир мектепте сентябрдын ортосунда башталган нааразылык жалпы өлкөнү камтыган кыймылга айланды. Окуучулар мугалимдердин жетишсиздигин, эскирген имараттарды жана окуу жүктөмүнүн оордугун айтып, билим берүү шарттарын жакшыртууну талап кылышууда. 6-октябрда 891 мектепте сабактар толук же жарым-жартылай токтотулган.
Миңдеген киши окуучуларды колдоп чыкты
Шейшембиде Марсель, Страсбург жана башка шаарларда желек, плакат көтөргөн адамдар чогулду. Ал эми окуучулар кайрадан мектептердин кире беришин тосушту.
Ички иштер министрлигинин эсебинде, бул күнү эртең менен Парижден тышкары шаарлардагы демонстрацияларга 86 миң адам катышкан. Борбор калаадагы акция түштөн кийин өтмөк.
«Алар ушул убакка чейин куугунтуктан башка жооп алышкан жок», — деди Париждеги мектептердин биринин мугалими Сигрид Жерарден Ассошиэйтед Пресс агенттигине.
Париждин 20-округундагы Элен Буше лицейинин алдында окуучулар таштанды челектерин жана велосипеддерди колдонуу менен тосмо жасашкан. Полиция менен жаштардын ортосуна айрым ата-энелер жана мугалимдер турушту.
«Булар биздин балдарыбыз. Мугалимдер, ата-энелер, бирикмелер баарыбыздын максатыбыз бир, балдардын укуктарын коргоо. Нааразылык билдирүү жана талап коюу алардын мыйзамдуу укугу», — деди ата-энелер бирикмесинин өкүлү Эмилия Сикили Суриам.
Мектептин сыртындагы тосмого илинген плакаттардын биринде: «Жаштар - келечек дейсиңер. Анда аларды уккула!» - деп жазылган.
«Бардык мектепке бирдей шарт керек»
Окуучулардын талаптары көбүнчө мектептердеги каражат жана шарттардын начардыгына байланыштуу. Айрыкча социалдык жактан аз камсыз болгон аймактардагы жаштар билим алуу шарттарынын теңсиздигин көтөрүп жатышат.
Алар айрым класстарда парта, отургуч жетишпегенин, жайында кондиционерсиз бөлмөлөрдө ысыкка чыдоо кыйын экенин, кээ бир мектептерде келемиш да бар экенин айтышат. Мугалимдердин жетишсиздиги жана сабактардын узактыгы дагы негизги көйгөйлөрдүн катарында. Франциядагы жогорку класстын окуучуларынын милдеттүү сабак сааттары Европадагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.
18 жаштагы бүтүрүүчү класстын окуучусу Кайс Димель жаштар үнүн угузуу үчүн биригип жатканын айтты.
«Болду, жетишет, мындан ары унчукпай чыдап отура албайбыз деп айткыбыз келет. Мектепте сөзсүз болушу керек болгон эң зарыл шарттарды талап кылып жатабыз», - деди ал.
Димелдин айтымында, Билим берүү министрлигинин колдоосу Парижге жакын же айрым тандалган мектептерге гана жетпеши керек.
Жогорку окуу жайга даярдоо классынын студенти Уго Ветцель болсо акциялар окуучулардын гана маселеси эмес экенин белгиледи.
«Канчалык көп болсок, үнүбүз ошончолук угулат. Бул бир ууч адамдын гана күрөшү эмес, жалпы жаштардын күрөшү» - дейт Ветцель.
Колунан ажыраган өспүрүм, миңдеген киши кармалды
Айрым жерлерде полиция менен кагылышууга айланышы жаштардын коопсуздугу тууралуу талкууну күчөттү.
5-октябрда Париждин четиндеги Сартрувиль шаарында демонстранттар менен полиция тирешип, көздөн жаш агызуучу газ жана түтүн чыгаруучу каражаттар колдонулган.
Ошол эле күнү Ланс шаарындагы лицейдин жанында 15 жаштагы окуучу колунан ажыраган. Бул маалыматты Па-де-Кале департаментинин префекти Франсуа-Ксавье Лош ырастап, анын өмүрүнө коркунуч жоктугун, өспүрүм Лиллдеги ооруканага жеткирилгенин айтты.
Жергиликтүү Ла Вуа дю Нор басылмасынын маалыматына караганда, өспүрүм полиция колдонгон гранатаны жерден көтөрө калганда, ал жарылып кетип жаракат алган. Лош окуянын так жагдайына комментарий берген жок. Ал ошол жерде чогулган 200–250дөй окуучу полицияга таш жана пиротехникалык каражаттарды ыргытканын билдирди.
Ассошиэйтед Пресс агенттигинин соңку маалыматы боюнча, акциялар башталгандан бери 6100дөн ашуун адам кармалган. Алардын көбү жашы жете электер.
Ички иштер министри Лоран Нуньес 715 полиция кызматкери жаракат алганын айтты. Өкмөт башчынын кеңсеси буга чейин 215 өспүрүм жарадар болгонун билдирген.
Эл аралык мунапыс уюмунун Франциядагы бөлүмү полициянын «ашыкча күч колдонушун» айыптап, жаштар нааразылыгын эркин билдире алышы керектигин белгиледи.
Нуньес болсо полициянын аракеттери «дээрлик бардык учурларда» жагдайга ылайык болгонун айтып, айрым акциялар башаламандыкка айлангандыктан кийлигишүү зарыл болгонун билдирди.
Өкмөт эмне сунуштады?
Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, 6-октябрда 891 мектепте сабактар толук же жарым-жартылай токтотулган. Бийлик мектептерге келтирилген зыян жана жаракат алгандардын көбөйүшү шартында айрым окуу жайларды өткөн аптадан тартып жаба баштаган.
Министрлик окуучулар көйгөйлөрүн жана сунуштарын аты-жөнүн көрсөтпөй жаза ала турган интернет портал ачты.
Премьер-министр Себастьен Лекорню министрлерге ишке чыкпаган мугалимдердин ордуна башка адистерди тартуу, эртең мененки сегизден кечки алтыга чейинки окуу күнүн кайра кароо, түшкү тыныгууну узартуу жана эски имараттарды оңдоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды. Алгачкы сунуштар октябрдын аягына чейин берилиши керек.
Бирок кошумча каражат табуу бюджеттин тартыштыгын кыскартууга аракет кылып жаткан өкмөт үчүн оор маселе бойдон калууда.
Окуучулардын нааразылыгы президенттик шайлоо өнөктүгү башталган маалда бийликке басымды күчөттү.
Ал эми жаштар билим алууга шарт түзүү боюнча талаптарына конкреттүү жооп күтүп жатышат.
Шерине