Президент Садыр Жапаров 8-октябрда Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланганы маалымдалды.
Ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, транспорттук-логистикалык алакаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Президент Садыр Жапаров жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Садыр Жапаров 8-октябрда иш сапары менен Түркмөнстанга барган. Сапардын алкагында ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына да катышты.(ZKo)
Шерине