Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

Бишкек милициясы шаардык кеңеш депутатына козголгон иш токтотулганын билдирди

Таалайбек Жакыпов
Таалайбек Жакыпов

Бишкектин Октябрь райондук милициясы шаардык кеңештин депутаты, "Жаңы күч" фракциясынын мүчөсү Таалайбек Жакыповго козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирди. Райондук милициядан 23-октябрда "Азаттыкка" кабарлашкандай, жабырлануучу тарап материалдык чыгым төлөнгөнүн айтып, тосмо арыз жазып берген.

Арыз берген тараптын өтүнүчү менен 22-октябрда кылмыш иши Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык (Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар, кылмыш окуясы болбогондо) токтотулган.

Жакыпов буга чейин Кылмыш-жаза кодексинини "Алдамчылык" беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып, убактылуу тергөө абагына камалган. Октябрь райондук соту 22-октябрда анын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган. Сот аны тергөө же сот органдары чакырган учурда келип турууга милдеттендирип, тергөөчүнүн же соттун уруксатысыз Бишкек шаарынан чыгып кетүүсүнө тыюу салган.

Анын жакындары, өзү жана жактоочусу комментарий берген жок.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн 2024-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаарында "Жаңы күч", "Эмгек", "Адилет", "Ынтымак" жана "Эл үмүтү" партиялары босогодон өтүп келип, 51 депутаттык орунду ээлеген. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG